Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 16:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Башкы прокуратура: Садыр Жапаровду мамлекеттик кызматкерлер коштоп жүргөн эмес

24.12.2020 10:18
1136
Башкы прокуратура: Садыр Жапаровду  мамлекеттик кызматкерлер коштоп жүргөн эмес
Мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери Садыр Жапаровду коштоп жүрөт деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Фейсбукта К.Ажыбекова аттуу колдонуучу президенттикке талапкер Садыр Жапаров өткөргөн үгүт иш-чараларынын бири жөнүндө сүрөттөрдү жарыялаган. Сүрөттө "Садыр Президент" деген жазуусу бар көк түстөгү спорттук кепка жана жилет кийген эркектер көрсөтүлгөн.

Ажыбекова "Эмне үчүн Садыр Жапарованы дагы деле СГО коштоп жүрөт? ..." деген суроону берет.

Бул факт боюнча БШК 16-декабрда Башкы прокуратурага кабарлап, Ички иштер министрлигине маалымат берген.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Коштоп еле журот.Маршруткаларда ел ташууда жолугушууларга.