Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 19:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Башкы прокуратура: Саламаттыкты сактоо министрлиги ири өлчөмдө мамлекетке пайдасыз келишим түзгөн

28.12.2020 11:36
632
Башкы прокуратура: Саламаттыкты сактоо министрлиги ири өлчөмдө мамлекетке пайдасыз келишим түзгөн

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 миллиондон ашык доллар мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинде текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен министрликтин айрым кызмат адамдары өз кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2014-2019-жылдарга карата аудит жүргүзүү боюнча консультациялык кызматтарды сатып алууда, тийиштүү мониторинг жүргүзбөстөн ага негизсиз жогору сумманы пландаштырып, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында «D.&T.» ЖЧКсы менен билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз 1 060 730 АКШ долларына контракт түзүп, анын негизинде аталган ЖЧКга 63 млн 804 миң 432 сом которулуп, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмүндө зыян келтирилген.


2020-жылдын 5-декабрында Башкы прокуратура тарабынан жогорудагы факты Кыргыз Республикасынын ЖКнин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 322-беренесинин ("Билип туруп пайдасыз контракт түзүү") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү жагы тийиштүү тергөө органдарына тапшырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн