Бугу 02, 2024
Убакыт: 14:25
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Башкы прокуратура: Салык кызматынын 2837 ишкердик субъекттеринин текшерүүсү жокко чыгарылды

14.02.2024 12:38
416
Башкы прокуратура: Салык кызматынын 2837 ишкердик субъекттеринин текшерүүсү жокко чыгарылды


Салык кызматынын ишкерлерди мыйзам бузуу фактыларын ырастоочу маалыматтары болбогон текшерүүсүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Салык кызматынын 2024-жылдын 1-кварталына мерчемделген 2837 ишкердик субъекттеринин текшерүүсү ишкерлердин мыйзам бузган фактыларын ырастоочу маалыматтары болбогондугуна байланыштуу каттоосу жокко чыгарылды.

Маалымат үчүн, текшерүүчү органдардын аракеттерине ишкерлердин нааразычылыктары болгон учурда, 1212 ишеним телефону аркылуу прокуратурага кайрылуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ишкердин укугун коргоо боюнча ишеним телефону: 1212

Белгилей кетсек, иштер президенттин “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн