Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк жалпы канча акча төлөгөнүн айтты

23.11.2023 17:34
411
Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк жалпы канча акча төлөгөнүн айтты


Кумтөрдү сырттан башкарып кеткен Теңгиз Бөлтүрүк 880 миллион сом зыян келтиргени аныкталып, анын 862 миллиону ордуна коюлган. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева парламентте билдирди.


Депутат Улугбек Ормонов ал мамлекеттен миллиарддап уурдап, бирок 800 миң сом айып менен эле кутулдубу деп соцтармакта түшүнбөй жатканын айткан.


"Туура эмес маалымат тарап жатат. Теңгиз Бөлтүрүк болгону жасаган кылмышы үчүн жазасын алды. Ал айыпталган берене боюнча эң жогорку айып пул 800 миң сом болчу", — деп жооп берди Коңкубаева.


Эске салсак, Теңгиз Бөлтүрүк 2022-жылы сентябрда кармалган. Быйыл 30-апрелде үй камагына чыгарылган. Ал эми 21-ноябрда толук түрдө эркиндикке чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн