Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:48
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Башкы прокуратура: Токой чарба агенттиги 7 млн сомдон ашык зыян келтирген

Башкы прокуратура: Токой чарба агенттиги 7 млн сомдон ашык зыян келтирген


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган ведомствонун жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2018-2020-жылдары курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптары бузулуп, жеке жана юридикалык жактарга дары өсүмдүктөрүн терүү үчүн уруксат кагаздарын берүүдө мыйзам менен белгиленген төлөө акылары толук ченемде өндүрүлбөй, аталган өсүмдүктөр чет өлкөлөргө чыгарылып кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Натыйжада, Агенттиктин кызмат адамдарынын мыйзамсыз кыймыл-аракеттеринен улам мамлекетке 7 290 488 сом зыян келтирилген.


2021-жылдын 4-январында Башкы прокуратура тарабынан текшерүү материалдары Кыргыз Республикасынын ЖКнын 320-бер. 2-б (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн