Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:08
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Башкы прокуратура: Төрөхан Жунусбековдун билдирүүсү мыйзам бузууга жатпайт

24.12.2020 14:48
598
Башкы прокуратура: Төрөхан Жунусбековдун билдирүүсү мыйзам бузууга жатпайт

Башкы прокуратура "MegaCom" компаниясынын директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбековдун Facebook баракчасындагы “Талас эли Садыр Жапаров менен ... шайлоо 2021” деген билдирүүсүн текшерди.


Төрөхан Жунусбековдун «Facebook» баракчасына «Талас эли Садыр Жапаров менен…шайлоо 2021» жарыялаган текстин айрым соцтармактын колдонуучулары «МеgaCom мамлекеттик ишканасынын мүдүрүнүн кеңешчиси президенттикке талапкер С.Жапаровду колдоп, мыйзамсыз үгүт иштерине аралашып, мыйзамда көрсөтүлгөн мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар тарабынан үгүт иштерине катышууга тыюу салынуучу нормаларды бузуп жатат» деп талкууга алышкан.


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын талаптары боюнча 30 пайыздан жогору мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү бар ишканалардын кызматкерлери мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин катарына кирбегендигин билдирет.


Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилиги же кызматкерлери тарабынан административдик каражаттарды кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталганда гана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Егер башкага талас ели сиз менен дегенде иш чатак болмок.