Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кылмышка шектүүнүн өз жанын кыйган факты боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан 24.кг агенттигине билдирген.
Маалыматка ылайык, тергөө Аскердик прокуратуранын Бишкек гарнизону тарабынан жүргүзүлүүдө.
Учурда аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, УКМКнын тергөө абагында бардык видеожазуулар алынган.
Мындан сырткары, каза болгон жарандын денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн