Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:40
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн мүлктөрүн камакка алганын четке какты

25.05.2022 10:37
358
Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн мүлктөрүн камакка алганын четке какты




Башкы прокуратура июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кайсы бир адамдардын мүлктөрү камакка алынганы тууралуу маалыматты четке какты.

Башкы көзөмөлдөөчү орган тараткан маалыматта "тергөөдө кылмыш иши боюнча текшерилип жаткан кишилерди Жазык-процессуалдык кодексинин негизинде тек-жайы, мурда соттолгондугу, аларга катталган мүлкү жана башка жагдайлар такталууга тийиш. Ошондуктан тергөөчүнүн ар кандай мамлекеттик органдарга берген суроо-талаптары бул мыйзамдуу көрүнүш жана ошондой суроо-талаптарды жиберүүгө тергөөчү милдеттүү", -деп жазылган.


Мунун алдында айрым басылмалар өз булактарына таянып Башкы прокуратура 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн мүлктөрүн камакка алуу максатында аныктап-тактоо иштерин жүргүзүп жатканын жазган.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн