Бугу 12, 2024
Убакыт: 08:25
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуя боюнча кылмыш ишин козгоду

02.02.2024 20:39
315
Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуя боюнча кылмыш ишин козгоду


Башкы прокуратураБишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ЖЭБдин кызмат адамдары кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгынан жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан 2024-жылдын 2-февралында болжол менен саат 03:00 чамасында Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги жабдуусунда жарылуу болгон.

Натыйжада ЖЭБдин 5 жумушчусу ар кандай жаракат алышып, медициналык мекемелерге жеткирилген.

Ошону менен бирге, Бишкек шаарындагы турак-жайларды, мекемелерди, ишканаларды жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу), 317-беренеси (магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу), 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү УКМКга тапшырылды.

Аталган окуя боюнча террордук акт жана диверсия белгилери аныкталган жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн