Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Башкы прокуратура экологияга зыян келтиргени үчүн дагы бир алтын кенди айыпка жыкты

Башкы прокуратура экологияга зыян келтиргени үчүн дагы бир алтын кенди айыпка жыкты

Прокурордук текшерүүдѳ Кыргызстандын жаратылышына ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳгү зыян келтирилгендиги аныкталды.  Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, айыл чарбасынын жана токой чарба ѳндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурунун наркы Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү белгилеген тартипте, укук ырастоочу документтерди бергенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан тѳлѳнөт.


Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгѳн текшерүү учурунда, тоо-кен тармагындагы «Ч.З» жабык акционердик коомуна айыл чарба жерлеринин жоготуулары үчүн акча каражатын тѳлѳнбѳгѳндүгүнө карабастан, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы аталган компанияга ѳндүрүш үчүн убактылуу жер пайдаланууга күбѳлүк жана 726 га жер тилкесин берип жиберген. 


Аны менен катар, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба ѳндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдерин» бузуу менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жогорудагы филиалы тарабынан жоготуулар менен алынбай калган пайда 4 624 620 сом деп эсептелинген. 


Бирок, Кыргыз Республикаснын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча башкармылыгынын билдирүүсүнѳ ылайык, айыл чарба жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ѳлчѳмү 133 739 682 сом экендиги такталган. 


Ошол себептен, облустук прокуратура тарабынан «Ч.З.» ЖАКна жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы менен биргеликте мамлекеттин пайдасы үчүн айыл чарба жоготууларын өз убагында тѳлѳбѳгѳндүктѳрү жана алынбай калган пайданы ѳндүрүү үчүн сотко доо арыз киргизилген. 


Чаткал райондук соту тарабынан доо арыз жарым жартылай канааттандырылып, жогорудагы тараптардан 103 307 003 сом ѳндүрүү жѳнүндѳ чечим чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн