Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:30
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Башкы прокуратура мамлекеттик бюджетке 4 миллион сом кайтарды

25.02.2021 14:59
666
Башкы прокуратура мамлекеттик бюджетке 4 миллион сом кайтарды

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жургүзүлгөн текшерүүдө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин талаптары бузулгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 28-ст. 4-б. ылайык айыл чарбасынын жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, укугун ырастоочу документтерди бергенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.


Бирок, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалы тарабынан 2016-жылы айыл чарба өндүрүштөрүнүн жоготууларынын ордун толтурбастан ЖЧКнын бирине 35 га жер тилкесине убактылуу пайдаланууга күбөлүк берилгендигинин натыйжасында мамлекетке 2 млн. 879 миң 980 сомдук зыян келтирилген.


Мындан сырткары, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалы тарабынан 2017-жылы айыл чарба өндүрүштөрүнүн жоготууларынын орду толтурулбастан кайрадан эле башка ЖЧКга 26,17 га жер тилкесине убактылуу пайдаланууга күбөлүк берилип мамлекетке 1 млн. 414 миң 382 сомдук зыян келтирилген.


Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан 2020-жылдын 25-февралында мамлекетке келтирилген 4 млн. 294 миң 362 сомдук зыянды өндүрүү максатында сотко доо арыз келтирилген. Соттук кароонун жыйынтыгы менен келтирилген доо арыз толугу менен канааттандырылган.


Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жогорудагы фактылар 2021-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын ЖКнын 320-бер. (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн