Бугу 02, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Башкы прокуратура "Бишкекбашкыархитектуранын" кызматкерлерине иш козгоду

03.04.2024 16:47
233
Башкы прокуратура "Бишкекбашкыархитектуранын" кызматкерлерине иш козгоду


Башкы прокуратура "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Прокуратурадан маалымдашкандай, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан жер жана шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында "Бишкекбашкыархитектуранын" жооптуу кызматкерлери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган фактылар аныкталган.

Тагыраак айтканда, алар пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында "Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө" убактылуу жобонун талаптарын одоно түрдө бузушуп, расмий документке билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү менен көп батирлүү үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларынын долбоорун (ҮЖЖУ) мыйзамсыз даярдап беришкен.

Натыйжада базар баасы 49 млн 980 миң 536 сомду түзгөн 1247,86 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кетип, муниципалдык менчикке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызматтык жасалмачылык" беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн