Бугу 03, 2024
Убакыт: 12:28
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Башкы прокуратура жарым жылда 352 га жерди мамлекетке кайтарган

19.07.2022 13:15
410
Башкы прокуратура жарым жылда 352 га жерди мамлекетке кайтарган


2022-жылдын 6 айында мыйзамсыз менчиктештирилген 352 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу коррупция маселелери боюнча координациялык кеңештин отурумунда Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, жер бөлүштүрүүдө жергиликтүү бийлик, архитектура жана башка бийлик органдарынын ортосунда коррупциялык схемалар орун алып келет.

“Буга байланыштуу прокуратура органдары 2021-жылы өлкөдө ар кандай багыттагы 1 миң 125 гектар жерди кайтарып берген. Өз кезегинде, 2022-жылдын 6 айында мыйзамсыз берилген 352 гектар жер мамлекетке кайтарылган”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн