Башкы прокуратуранын кадрлар бөлүмүнүн башчылыгына Нурбек Жороев дайындалды. Бул тууралуу АКИpress агенттиги булактарына таянып жазды.
Ал буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген.
Башкы прокуратуранын кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Гүлнара Акимбаева Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурору болуп дайындалды.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кадрдык өзгөрүүлөрдү тастыктай элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн