Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Башкы прокуратуранын кызматкери букмекерде 740 миң доллар уттурган

24.09.2023 17:13
466
Башкы прокуратуранын кызматкери букмекерде 740 миң доллар уттурган


Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Рустам Абдурасулов ​​букмекердик кеңселерден акчасын жоготту. Бул тууралуу 24.kg өздүк булактарга таянуу менен билдирди.


Маалыматка ылайык, Абдурасуловдун иш бөлмөсүндөгү сейфте 740 миң доллар сакталып турган.


«Абдурасуловдун букмекердик кеңселерден жоготкон акчасы «Керемет Банктын» иши боюнча материалдык далил болуп саналат. Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин банктын иши Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Абдурасулов ​​акчаны жаңы тергөөчүгө которушу же банкта сакташы керек болчу», - деп маалымдашкан.


Эске сала кетсек, Рустам Абдурасулов ​​кечээ, 23-сентябрда кармалган. Ал ири суммадагы акчаны кымырып алган деп шектелүүдө. Бул каражаттар материалдык далил болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн