Башкы прокуратуранын кызматкери коррупция фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалым болгондой, УКМК Башкы прокуратуранын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «БМЗ» ААКсынын кызматкерлери катышкан коррупциялык схеманы аныкташкан.
Анда кызматкерлер Сокулук районундагы «Бишкек машина куруучу заводго" тиешелүү жер тилкелерин мыйзамсыз сатып жиберишкен деп шектелүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн