2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстандан качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевди жана анын бир туугандарын алып келип, жоопко тартууга мүмкүнчүлүк болбой жатат.
"Башка өлкөдө болгондуктан, прокуратура тарабынан бир нече кат жөнөтүлгөн, бир нече кылмыш иштери козголгон. Аларды башка өлкө берүүдөн баш тарткандыктан, сиз айткан жарандардын бирин да мамлекетке алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатат", - деди баш прокурор Курманкул Зулушев.
Бүгүн, 6-апрелде Зулушев парламентте бир жылдык ишинин отчетун берип жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн