Бүгүн, 4-августта Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.
Маалым болгондой, жыйында жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнда өз көйгөйлөрүн билдиришүүдө. Ар бир кайрылууну Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын башчылары кабыл алышып, башкы көзөмөл органы тийиштүү чараларды көрөт.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жер-жерлердеги элдин көйлөрүнөн кабар алууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн