Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:16
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Башкы прокурор Максат Асаналиев АКШ элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

09.07.2024 15:17
145
Башкы прокурор Максат Асаналиев АКШ элчиси менен кызматташтыкты талкуулады


Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге колдоо көрсөтүү жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу чаралары тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары, тараптар прокуратуранын ишине заманбап технологияларды, эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерин талкуулашып, тажрыйба алмашуу жана тренингдерди өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташууну улантуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн