Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:38
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Башкы прокурор менен ИИМ башчысы Токтогул районунун эли менен жолугушту

06.07.2022 12:24
516
Башкы прокурор менен ИИМ башчысы Токтогул районунун эли менен жолугушту


Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бийлик өкүлдөрүнүн аймактарда эл менен жолугушуусу башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-июлда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Токтогул районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушту.

Буга чейин президенттин аймактарга жумушчу сапары учурунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда бир катар көйгөйлөр көтөрүлгөн.

Алардын көпчүлүк бөлүгүн соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине байланыштуу маселелер болгон.

Ошол себептүү өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргызстандын аймактарын кыдырып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алып жана элдин көйгөйүн угуп, милиция менен прокуратура, жалпы эле коомдук тартиптин абалы, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү абал менен жеринен таанышып, бул багытта элдин пикирин, ойлорун сунуштарын жана арыздарын жеринен кабыл алып, аны ыкчам чечүү маселелерин колго алышат.

Бүгүнкү жолугушууда Токтогул районунун төрт жүзгө чукул тургундары коомдук тартиптин сакталышы жана жарандардын жашоо-турмушуна байланышкан маселелер боюнча өз ойлорун ортого салышты.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар отуз миңге жакын калкы бар Кетмен-Төбө айылына милициянын айылдык бөлүмчөсүн ачуу, Токтогул районунда туризмди өнүктүрүү, ага ылайык инфраструктураны туристтерге ылайыктап шарт түзүү, суу, жер, жайыт маселеси жана ишкерликти өнүктүрүү тууралуу суроо жана сунуштарын беришип, маселелерди ыкчам чечүүнү өтүнүштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн