Бүгүн, 2-августта Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Панфилов районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.
Белгилүү болгондой, эл менен болгон жолугушууда, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр тууралуу суроолорду беришти. Аталган маселелер тууралуу кайрылуулар жеринде кабыл алынып, көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү прокуратура органдарына тапшырмалар берилди.
Жыйынга Панфилов районунун 100дөн ашуун тургуну катышууда.
Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров Башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн