Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:41
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Башкы прокурордун аткезчилик менен кармалган тууганы үй камагына чыкты

28.08.2023 12:29
304
Башкы прокурордун аткезчилик менен кармалган тууганы үй камагына чыкты


Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин тууганы (кайниси) Н.Н.К. үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.


Андан сырткары бул ишке тиешеси бар дагы бир адам бошотулганы белгилүү болду.


Эске салсак, 18-мартта УКМКнын басма сөз борбору Кытайдан аткезчилик жол менен товар алып келген деген шек менен бажы кызматкерлери жана ишкерлер кармалганын билдирген. Мындан мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген. Ведомстводон билдиришкендей, кармалгандардын арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары да бар. Кийинчерээк УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бар экенин билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн