Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Башмыйзам тепсендиде калбасын!

24.10.2020 11:30
618
Башмыйзам тепсендиде калбасын!


Утурумдук бийлик саясий ачкөздүккө эч барбашы керек эле.


"Укук талаасынан чыкпастан аракет кылабыз" деген убада сөз утурумдук бийлик тарабынан улам жаңы бир кадам аркылуу бырын-чырын түшүп жатканын жарандык коом, айдыңдар, калайык даана көрүп турат.


Мен Адахан инимдин "Азаттыкка" курган соңку маегинин мазмунун толук колдойм.


Албетте, мен парламенттик нагыз башкарууга караандай элекпиз, өлкөдө ошол багытты тереңдетиш керек, болочокку президентти ал түгүл Жогорку Кеңеш эле шайлап коюшу керек, аткаруу бийлиги толук өкмөт башчыга берилиши зарыл, көп партиялуу системаны чыңдоо абзел, деп санайм. 


Адахан иним күчтүү президенттик бийликти жактайт.


Мындай талаш-тартыштуу жолдорду талкуулап, элге жаккан бүтүмгө келүү  - келээрки жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин учурунда гана башат алчу конституциялык реформа маалында жалпы эл тарабынан  атаандаш Башмыйзам долбоорлорунун бирин тандоо аркылуу чечилчү иш. 


Мындай тандоо сөзсүз болот, бирок азыркы чакырылыштагы, мөөнөтү бүтүп калган Жогорку Кеңештин тушунда эмес, жаңы шайлана турган Жогорку Кеңештин чакырылышынын тушунда, келээрки жылдан тартып ачык-айкын жүргүзүлүүгө тийиш.


Азыркы тапта 2020-жылдын 20-декабрына БШК тарабынан белгиленген парламенттик шайлоону таза, калыс өткөрүүгө шарт түзүү -  утурумдук бийликтин бирден-бир парызы. 


Башмыйзамды тебелетүүгө көрмөксөн болуп койгон айрым "демократ" депутаттарга да айра-таң калып жатам.  Же алар да алеки саатта  жең ичинен соода жүргүзүштүбү,  ж болбосо ар кыл коркутууларга кабылыштыбы?  Таң калычтуу... 


Ал эми Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековго оңой эле көшөкөрлүк кылган жана эми "Садыр Нуркожоевич!" деп ийиле кошоматтанган башка депутаттарга жана аткаминерлерге айла жок, алар инерция менен эле Төлөнчө Баланчаевичтин ордуна Түкүнчө Каланчаевич деген атты гана алмаштырууга үлгүрүп, көнүмүш адатынча жаңы бийлик ээсине мурдагы усулда кулдук урууга шашылып жатышат. 


Тынчтыкбек Чоротегин 

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Замира
Ушундай эл карайлап кармаанар тал таппай карайлап турган кезде пайдаланган ою бузук туркойлор алланын алдына барганда жооп беришинерди эстегиле Оз макчатынарга жетип креслоо болушуп озумку деп эсептеп ишке коюп жатасынар анын да бир жооп берчуу куну келет эсинерге келгиле деп эл жакшысы жок болуп кеткенби эх шорун коп Кыргыз кыргыз ар бирине иман тилейм
Замира
Копту коргон корогоч инсан катары эн туура калыс оюнузду айтканыныхга чон рахмат Ушундай элибиздин.башына тушкон кыйын кундо калыс болгон эн туура деп ойлойм Биздин.элибиз ото начар жетеленме болуп калнанына дагы бир жолу кубо болудабыз атин оз убалын оз мойнунда шордуу эл экенбиз
Усман
Кыргызстанда Адахан Кимсанбаевичтен башка татыктуу адам жок, калбады президент боло турган!
Сейилкан Жолборсова
Эн туура калыстык ойлор жана пикир .Чяндыкты коро билген адам озунун оюн ар дайым бийик жана таза айта алат .Аттин, дале болсо, сокур май баскан коздорду тазалаш кыйын болуп ,журокту коро албай жатканыбыз окунучтуу.
Эля
Адахан эн туура айтат мен аны колдойм