Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн тепкичинде анализ алган дарыгерлер боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
“Бул окуя боюнча териштирүү иштери башталды. Учурда эмне үчүн мындай болуп калганы иликтенип жатат. Бул жагдай иликтенип бүткөндөн кийин дагы кошумча маалымат беребиз”, - деди Акматова.
Эске салсак, Бишкекте дарыгерлердин көп кабаттуу батирдин тепкичинде эле коронавируска анализ алып жатканы жарандарды нааразы кылганы айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн