Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 20:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Батирин сойкулук үчүн ижарага берген деген шек менен аял кармалды

26.02.2021 10:58
733
Батирин сойкулук үчүн ижарага берген деген шек менен аял кармалды

Бишкекте Үсөнбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн бириндеги батирдин ээси сойкулук кылууга көмөктөшкөн деген шек менен кармалды. Мындан тышкары анын бир нече кылмыш ишине катыштыгы бар экенин Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан билдирди.


Белгилүү болгондой, шектүү катары кармалган 50 жаштагы А.З. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын үстүнөн А.К. аттуу жаран арыз жазган. Арызда өткөн жылдын 22-июнунда аял жайкы кафеден 14 отургучту уурдап кеткени айтылган. Жабырлануучу келтирилген материалдык чыгымды 35 миң сомго баалаган.


Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


"Териштирүү иштеринин алкагында шектүү катары А.З. аттуу аял кармалып, анын алдамчылыкка, бейбаштыкка тиешеси бар экендиги аныкталды. Ошондой эле кармалган аял 167-берене (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча дагы кылмышка шектелүүдө. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - дешти мекемеден.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн