Бугу 01, 2024
Убакыт: 23:46
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Баткен. Бүгүн кан тапшыруу үчүн 500гө жакын ыктыярчы келди

17.09.2022 18:11
449
Баткен. Бүгүн кан тапшыруу үчүн 500гө жакын ыктыярчы келди


Бишкекте 500гө жакын адам Баткендеги жабыркагандарга кан тапшырууга келишти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Республикалык кан борборунун директору Карабаев белгилегендей, бүгүн Бишкек шаарынын көптөгөн жашоочулары кан тапшырууга келди. "Түшкө чейин кан алынып, азыр канды даярдоо иштери жүрүп жатат. Кан борбору эртең да эс алуу күнгө карабай иштейт", - деди Бакыт Карабаев.

Эскерте кетсек, жабыркагандарга кан тапшырууну каалаган жарандар Бишкек шаары, Ч.Айтматов кең көчөсү, 60 дарегиндеги Республикалык кан борборуна кайрылса болот. Жанынарда паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети болушу абзел. Кан тапшыруу процедурасынын алдында бардык майлуу, куурулган, сүт азыктарын жебеш керек.

Иш убактысы: дүйшөмбү-жума күндөрү саат 8:00дөн 14:00гө чейин, ал эми ишемби күнү 8:00дөн 12:00гө чейин.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн