Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Баткен: Чек арадагы атышуудан эки жоокер жаракат алды

14.09.2022 14:07
1023
Баткен: Чек арадагы атышуудан эки жоокер жаракат алды

Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында КР УКМКнын Чек ара кызматынын эки аскер кызматкери жараат алды. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлайт.


Маалыматка ылайык, минометтун снарядынын жарылышынын натыйжасында бир чек арачы жеңил жараат алган - минометтун снарядынын сыныктары денесине чийип өтүп, экинчи жоокер контузия алды.


"Аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, аскер кызматкерлери дарыгерлердин көзөмөлүндө. Аскерлердин ден соолугунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн