Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Баткен: Чек арадагы атышуудан жаракат алгандар жок

14.09.2022 11:29
981
Баткен: Чек арадагы атышуудан жаракат алгандар жок

Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалыматы боюнча, 14-сентябрь, саат 10:00гө карата облустун медициналык мекемелерине чек арадагы чырдан жабыркагандар түшкөн жок.


Баткен облусунун бардык медициналык мекемелери жана тез жардам кызматтары күчөтүлгөн режимге өттү."Стационарларда кандын компоненттери, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар", - деди ал.


Белгилей кетсек, бүгүн кайрадан кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн