Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 13:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Баткен: Документтери жок болгон жарандардын документтери акысыз калыбына келтирилет

20.09.2022 17:36
671
Баткен: Документтери жок болгон жарандардын документтери акысыз калыбына келтирилет

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда документтери жоголгон жарандардын документтерин акысыз калыбына келтирет. Бул тууралуу министрликтин өкүлү билдирди.


Бүгүнкү күндө «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын КТБнун жана калкты каттоо департаментинин аймактык Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин катарынан мобилдик топтор түзүлдү.


Мобилдик топтор жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда документтештирүүгө зарыл болгон жарандардын тизмесин түзөт.


Белгилей кетсек, мобилдүү калкты тейлөө борборлору паспорттоштуруу жана жарандык абалдын актыларын каттоо жана тиешелүү күбөлүктөрдү берүү боюнча бардык керектүү техникалык жабдуулар менен жабдылган.


Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарындагы жарандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча иштер башталды.


Ошондой эле 2022-жылдын 19-сентябрынан баштап калкты каттоо департаментинин Лейлек районунун Кулунду айылындагы жана Баткен районунун Самаркандек айылынан башка аймактар аралык бөлүмдөрү жана бардык калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштей баштаганын билдиребиз.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн