Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткен: Милиция окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

07.09.2022 16:44
718
Баткен: Милиция окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


Баткен шаарындагы орто мектептеринде жол коопсуздугун сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту болтурбоо максатында жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Бул түшүндүрүү иштерин Баткен ШИИБдин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү балдар менен иштөө инспекторлору жүргүзүп, мыйзамда көрсөтүлгөн ата-энелердин жоопкерчиликтерин эскертишти. 


Баткен ШИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы менен кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Баткен шаарында жайгашкан орто мектеп окуучулары өз алдынча тоолорго экскурцияларды уюштурууга, кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандыгын эскертип, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча ата-энелердин көзөмөлүнөн чыкпоого милиция кызматкерлери чакырды.


Ошондой эле сабактардын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөргө үй-бүлөлүк чыр-чатактарды болтурбоо жаш өспүрүмдөргө карата колдонулган зордук-зомбулуктар, эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Мектеп окуучулары тарабынан суроолор берилди.

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн