Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Баткен ОИИБде ант берүү аземи болуп өттү (фото)

22.03.2021 16:29
2937
Баткен ОИИБде ант берүү аземи болуп өттү (фото)


Бүгүн, 22-март күнү Баткен ОИИБнын имаратында Ички иштер министрлигинин алгачкы 3 айлык курсун аяктап келип, жаңыдан дайындалган кызматкерлердин ант берүү аземи болду, деп маалымдайт башкармалыктын басма сөз кызматы.

 

Бул салтанатка Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов, облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниймат Арапов жана өздүк курам катышты.

 

Жаңыдан ички иштер органдарынын катарына кошулуп, кызматка дайындалып жаткан жалпысынан 19 кызматкер Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Күжүрмөн Туусунун катышуусунда ант беришти.

“Ар бир кызматкер катарга кабыл алынып жатканда жоопкерчиликти сезе билиш керек. Биз элдин көзөмөлүндө экенибизди эч качан эстен чыгарбообуз керек. Милициянын күчү-элдин ишеними менен колдоосунда”, - деп белгилеген Мурат Боронов жаш кызматкерлерди туруктуулукка, адилеттүүлүккө, сабырдуулукка жана кыраакылыкка чакырып кетти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн