Теке 04, 2024
Убакыт: 04:34
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Баткен аймагындагы бузулган имараттарды калыбына келтирүү боюнча смета түзүлөт

01.05.2021 12:15
808
Баткен аймагындагы бузулган имараттарды калыбына келтирүү боюнча смета түзүлөт


Комиссия Баткен облусунун чек ара аймактарындагы бузулган имараттардын жана курулмалардын санын аныктайт, андан кийин аталган объектилерди калыбына келтирүү үчүн смета түзөт. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева бүгүн, 1-майда брифингде билдирди.


Анын айтымында, комиссиянын курамына Баткен облусунун ыйгарым укутуу өкүлдөрү, Транспорт министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кирет.


"Биздин биринчи кезектеги милдетибиз - бузулган имараттардын санын аныктоо, андан кийин аларды калыбына келтирүү үчүн смета даярдалат", - деди ал.


Мындан сырткары 29-30-апрелде 114 кичиавтобус тартылып, 4000 ашуун жаран чыр чыккан жерден чыгарылган. Дагы 90 кичиавтобус даяр экендигин министр кошумчалады.


Ошондой эле ал эки күндүн ичинде медициналык топторду жана гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн бир нече рейстер болгонун айтты. Кайра рейс жүргүнчүлөрдү, анын ичинде аялдар менен балдарды алып келген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн