Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:02
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Баткен боюнча долбоорлорду биринчи болуп карап жатабыз, бирок иш жылбай жатат

29.07.2021 18:24
1610
Баткен боюнча долбоорлорду биринчи болуп карап жатабыз, бирок иш жылбай жатат


Бүгүнкү жыйында, абдан  көп маселелер каралды. Ошонун ичинен Баткен областы боюнча ар бирибиз өз сунуштарыбызды бердик. 


Негизинен Жогорку Кенештин  эл өкүлдөрү өзгөчө Баткен областы боюнча,  мыйзам долбоорлорунун ичинен биринчиге коюп, колдоп, өткөрүп, каржы маселеси да бөлүнүп эле жатат. 


Бирок, эмнеге бир иш кыймылдап, алгылыктуу эмгек жаралабай жатат? Кана курулуп жаткан үйлөрдүн бүткөнү? Алдыда кыш жакындап жатат!…. Өзгөчө баса белгилеп кетчу маселе мында жатат: 


Баткен жергесиндеги азыркы негизги маселелердин өзөгү болгон жумуш ордун көптөрү этибарга албагандай ! Эл жумуш менен камсыз болбосо, мектепти, садикти куруунун эмне кереги бар? Алгач элди жумуш орду менен камсыздап алсак, уй-бүлөлөр чачырабай, талаалабай, ошол Баткенде калмак.  Ал эми жумуш ордун түзүү үчүн ишкерлерге жеңилдетилген кредит ж.б ынгайлардын берилүүсү абзел. 


Андан сырткары чек ара кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатууну карап чыгуу керек.   Мекени үчүн жанын аябаган азаматтарыбыздын эрдигин тирүүсүндө баалап алганыбыз жакшы эмеспи….Ушул жана башка сунуштарымды видеодон толук көрүп алыныздар.


Айбек Осмонов, КР ЖК депутаты 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн