Баш оона 06, 2025
Убакыт: 17:58
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.087
1.110

Баткен мамлекеттик университетинен 2 170 студент окуудан чыгарылды

06.08.2025 12:09
27
Баткен мамлекеттик университетинен 2 170 студент окуудан чыгарылды


Баткен мамлекеттик университетинен 2170 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Атайын кызмат билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык жана башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жогорку жана адистештирилген окуу жайлардын талаптарына көңүл бурбоо жана катышуу эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Баткен мамлекеттик университетинен жана анын тиешелүү түзүмдөрүнөн 2170 студент окуудан чыгарылды.


Тактап айтканда:

  • Баткен мамлекеттик университенинин башкы мекемеси – 570;
  • Кызыл-Кыя М.М.Тайиров атындагы гуманитардык-педагогикалык институту – 801;
  • Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институту – 380;
  • А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту – 171;
  • БатМУнун алдындагы көп тармактуу колледж – 234;
  • БатМУнун алдындагы педагогика жана коммуникация колледжи – 14.


УКМК билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык жана башка мыйзамсыз иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн