Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткен облустук милициясынын башчысы Кызыл-Кыя эли менен жолугушту

16.12.2021 11:51
498
Баткен облустук милициясынын башчысы Кызыл-Кыя эли менен жолугушту

Кызыл-Кыя шаарынын эли менен Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов , Кызыл-Кыя ШИИБнин начальниги милициянын полковниги Нурлан Бурканов, шаар мэри Асылбек Маткалыков, квартал башчылар жана шаар ичиндеги мекеме-ишканалардын жетекчилери жолукту. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда,  Кызыл-Кыя ШИИБнин начальниги милициянын полковниги Нурлан Бурканов милиция кызматкерлеринин жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын берди. Ошону менен бирге жаңыдан күчүнө кирген мыйзамдар боюнча элге жеткирди.


 Жыйынга чогулган эл негизинен газ, суу, канализация түтүктөрүнүн эскилиги жетип, ремонтко муктаж экендигин, шаар ичиндеги жолдорду асфальттап берүүнү билдирип социалдык маселелерди ортого салды. И.Жусубалиева көчөсүнүн жашоочулары сел кесепеттеринин алдын алууну, оор жүк ташуучу унаалар эскилиги жеткен үйлөргө коопсуздук жаратып жаткандыгын билдирди.

 

Кызыл-Кыя шаары Ош облусунун Ноокат, Араван, Баткен облусунун Кадамжай району менен чектешкендиктен жарандар Кызыл-Кыя шаарынын борбордук “Таштемир-Ажы” базарына келип соода-сатык иштерин жүргүзгөндүктөн уурулук, алдамчылык, бээбаштык фактылары көп катталат. Азыркы күндө бети ачылбай калган кылмыштар жок. Милициянын аймактык тескөөчүлөр эл арасында күнү-түнү иш алып баргандыгын жыйынга келген эл айтып ыраазычылыктарын билдирди.

 Мурат Боронов “Милиция ар дайым сиздердин арызыңыздарды укканда кунт койгонго милдеттүү, элдин бейпилдиги ар кандай бийликтен баалуу. Ошондуктан эл менен милиция тыгыз байланышта иш алып барышы зарыл” деп жыйындын катышуучуларына кайрылды.


Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков милиция кызматкерлеринин жумушун айрыкча жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин жумушуна өтө ыраазы болду. Келечекте милиция кызматкерлерине жашоо-шарттары менен кызматтык үйлөр салынарын билдирди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн