Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:03
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Баткен облусун стратегиялык аймак катары таануу сунушталды

14.05.2020 10:48
1007
Баткен облусун стратегиялык аймак катары таануу сунушталды

 

Депутат Карамат Орозова Жогорку Кеңештин бүгүн, 14-майдагы жалпы жыйынында Баткен облусун стратегиялык аймак катары таанууну сунуштады.


Анын айтымында, мунун алкагында стратегиялык чоң программа кабыл алуу керек жана жергиликтүү элдин эң чоң көйгөйү болгон коопсуздук маселесин камсыздоо зарыл. Ошондой эле элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууну жолго коюу жана Баткендеги чек араны ЕАЭБдин алкагындагы чек ара катары таануу абзел.


Болбосо эл жыл сайын кете берип, аймакта элдер калбай калат. Ал жерде элдер гана чек араны кайтарып турат. Бош турган жерлерди кандай гана болбосун трансформация кылып, элге керектүү социалдык объектилерди куруу керек. Ошондой эле завод-фабрикаларды куруу менен элди жумуш менен камсыздоо маанилүү”, - деди депутат.


Ал белгилегендей, жыл башынан бери Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында бир катар жаңжалдар орун алган. “Жабыркагандар болду, үйлөр өрттөндү. Тилекке каршы аталган облуста социалдык курулуштардын да абалы начар. Ал тургай заманбап оорукана курула элек”, -  деди депутат.  


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 13-майда отчет берип жатып, өкмөт жабыркаган тамдарды калыбына келтирилерин белгилеп, чек арага чектеш аймактардагы башка көйгөйлөр да чечилерин маалымдаган. “Баткен облусунда заманбап оорукана куруу үчүн 5 гектар жер бөлүнгөн” – деп билдирген болчу өкмөт башчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн