Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:56
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси иштелип жатат

10.03.2021 11:57
2280
Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси иштелип  жатат

Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселеси азыркы учурда иштеп чыгуу баскычында турат. Бул тууралуу брифингде КРнын экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган статус төмөнкүлөргө жол ачат

- Аймакты өнүктүрүү бюджетин өз алдынча түзүү;

- Облустун ичиндеги башкаруу структурасын өз алдынча түзүү;

- Калктын башкаруу чечимдерин кабыл алууга катышуусун камсыздоо.

“Акыркы элемент өтө маанилүү болуп саналат, анткени биз комплекстүү маселелер боюнча мамлекеттик структура менен жергиликтүү калктын ортосундагы байланыштар тууралуу айтып жатабыз”,-деди ал.

Ал маселелер экономикалык өнүгүү, социалдык туруктуулук, жумушчу орундарын түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү, миграция маселелерине байланыштуу болорун түшүндүрду.

“Мындан тышкары, губернатордук институттун ыйгарым укуктарын күчөтүүгө өзгөчө статус берүү да каралууда. Ошондой эле, облустук өкмөт жана облустук кеңеш түзүлүшү мүмкүн. Азыркы учурда аталган маселелер иштеп чыгуу баскычында турат, бардык талкуулардан кийин акыркы чечим айтылат”,-деди Иманалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн