Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү дубанда өзгөчө кырдаал учурунда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү жана уюштуруу иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Ага ылайык, Баткен облусунун аймагында оор шартта жашаган жалпы 30133 үй-бүлө бар. Алардын ичинен жардамга муктаж болуп турган 1600 үй-бүлөгө эл аралык гуманитардык уюм тарабынан азык-түлүктөр таратылган. Анда 1381,5 тонна ун, 57 879 литр өсүмдүк майы, 44218 кг макарон берилип, ага 8 млн 270 миң сом коротулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн