Бугу 13, 2024
Убакыт: 12:40
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Баткен облусунда ири өлчөмдө баңгизат менен эки жаран кармалды (фото)

16.03.2022 15:17
1570
Баткен облусунда ири өлчөмдө баңгизат менен эки жаран кармалды (фото)


Баткен облусунда ири өлчөмдө баңгизат менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өлкөнүн аймагындагы баңгизатын ири өлчөмдө жана оор түрлөрүн сатуу менен уюшулган туруктуу топ аныкталып кармалды.

Бал факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 2022-жылдын 25-февралында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында атайын ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүлүп, К. уулу Э. кармалып, оң колунда кармап турган кара түстөгү баштыгынан эки даана күмүш түстөгү фольгага оролгон таңгактар табылып далил буюм катары алынган.

Мындан тышкары, бул кылмышка дагы бир шектүү катышкандыгы аныкталып, ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда К.К. аттуу жаран кармалган.

Алынган заттар соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, таза салмагы 2 кг 16 грамм "апийим" баңгизаты экендиги аныкталган.

Азыркы учурда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул кылмыштарга тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн