Бир катар тармактардын ишке киргендигине байланыштуу учурда Баткен облусунун бардык аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен милиция кызматкерлери биргеликте дүкөндөрдө, калкты тейлөө түйүндөрүндө, көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Кызматкерлер жарандарга зарыл болбосо көчөгө чыкпоо жана балдарды чыгарбоо, коргонуучу беткаптарды кийүү, калк көп жайгашкан жерлерде социалдык аралыкты сактоо, дезинфекция жумуштарын жасап туруу боюнча эскертип жатышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн