Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 05:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде коомдук транспорттун иштөөсүнө уруксат берилди

10.08.2020 15:22
821
Баткенде коомдук транспорттун иштөөсүнө уруксат берилди


Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук транспорттордун ишмердүүлүгүнө, учурдагы кырдаал талап кылган бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоо менен жандандырууга уруксат берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты. 


Маалыматка караганда, мындай чечим коронавирус оорусу менен күрөшүү боюнча облустук штабда кабыл алынды. 


"Автотранспорт агенттигинин жетекчилигине коомдук транспорттордо санитардык норманы сактоо боюнча айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, автотранспортторду байма-бай дезинфекциялоо, алардын ишине такай рейддерди жүргүзүп туруу тапшырмалары коюлду. Азырынча облустар аралык коомдук транспорттун каттоосуна уруксат жок", - деп айтылат маалыматта. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн