Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:11
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Баткен облусунун аймагынан аткезчилик жүктөр кармалды

09.03.2021 12:20
551
Баткен облусунун аймагынан аткезчилик жүктөр кармалды

Үстүбүздөгү жылы 6-8-март аралыгында Баткен облусунда Тажикстандан ташылып келе жаткан аткезчилик жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.


Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Борбордук айылынын батыш бөлүгүнө жакын жерде кызмат өтөө учурунда чек арачылар Тажикстан Республикасынын жараны айдап бара жаткан Hyundai-Porter унаасын токтоткон, ал өткөрүү пунктунан тышкары Тажикстандан Кыргызстандын аймагына жалпы салмагы 3 тоннаны түзгөн аткезчилик жүк алып өтүүгө аракет кылган.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Сай жергесинде чек ара кызматкерлери КР жараны 1987-жылы туулган М.Т.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер унаасын токтотушкан, ал өткөрүү пунктунан тышкары жерден Тажикстандан Кыргызстанга жалпы салмагы 2,5 тонна (лимон) аткезчилик жүк алып өтүүгө аракет кылган.

Ошондой эле, чек арачылар тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районундагы Күнгөй жергесинен Өзбекстандын аймагына аткезчилик жол менен 8 миң 400 даана лампочка ташып бара жаткан КР жараны кармалган.

Мыйзамсыз жүктөргө тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана жүктөр компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн