Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 15:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Баткен облусунун башчысы: Чек арада абал курч бойдон калууда

15.06.2022 15:53
666
Баткен облусунун башчысы: Чек арада абал курч бойдон калууда

Чек арада абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев билдирди.


Анын айтымында, чек ара маселеси толук чечилмейинче чатак чыга бериши мүмкүн.


"Бүгүнкү күндө чек арада абал салыштырмалуу туруктуу. Бирок Булак-Башы тилкесинде абал курч бойдон калууда.

Кечээ эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Мен дагы Согди облусунун башчысы менен сүйлөшүү жүргүздүм.


Чек ара толук делимитациялоо жана демаркациялоодон өтмөйүнчө чатактар чыга бериши мүмкүн. Бүгүнкү күндө биздин чек арачыларыбыз мамлекеттик чек араны татыктуу кайтарууда",- деди Алимбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн