Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Баткен облусунун башчысы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, бирок чыңалуу бар

23.09.2022 12:27
926
Баткен облусунун башчысы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, бирок чыңалуу бар

Баткен облусунда абал салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуу бар. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.


Ал кыргызстандык социалдык тармактын айрым активдүү колдонуучуларын жана блогерлерди чек ара боюнча такталбаган маалыматтарды таратуудан оолак болууга чакырды.


"Урматтуу мекендештер жана соцтармактын айрым активдүү колдонуучулары! Учурда Баткен облусундагы кырдаал мурунку күндөргө салыштырмалуу турукташууда, бирок чыңалуу бар. Социалдык тармакка чек арага байланыштуу такталбаган маалыматтар тарап кетүүдө. Мен сиздерди такталбаган жана туура эмес маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырам. Сиздердин Баткен облусуна кошкон салымыңыздар ушул болсун. Мындай маалыматтар биздин ишмердүүлүгүбүзгө тоскоолдук кылып, облустун тургундарын дүрбөлөңгө салып жатат. Азыркы учурда облуста Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер ар тараптуу иштерди алып барышууда. Мен барыңыздарды сабырдуулукка, ынтымакка жана биримдикке чакырамын", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн