Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 17:50
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Баткен облусунун башчысынын көк бөрү боюнча кубогун Лейлек командасы жеңди

31.01.2024 10:41
728
Баткен облусунун башчысынын көк бөрү боюнча кубогун Лейлек командасы жеңди


Көк бөрү боюнча Баткен облусунун башчысынын кубогун Лейлек районунун командасы жеңип алды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ Раззаков шаарында өткөн көк бөрү боюнча КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу үчүн мелдеш жыйынтыкталды. Ошентип:

1-орунду Лейлек районунун командасы;

2-орунду Кызыл-Кыя шаарынын командасы;

3-орунду Сүлүктү шаарынын командасы;

4-орунду Баткен шаарынын командасы;

5-орунду Баткен районунун командасы ээледи.

Президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жеңүүчүлөрдү куттуктап,облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин кубогун жана диплом,медалдарын тапшырып, аймакта көк бөрү улуттук оюнунун өнүгүүсүнө салым кошкон спортчуларга ыраазычылык билдирди.

Оюндун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө КР Көк-бөрү федерациясы тарабынан акчалай сыйлыктар да тапшырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн