Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Баткен облусунун тургундары 4,6 млрд сомдон ашык насыя алган

16.05.2023 10:10
1125
Баткен облусунун тургундары 4,6 млрд сомдон ашык насыя алган

Финансы-кредиттик уюмдар Баткен облусунун тургундарына артыкчылыктуу тартипте 4,6 млрд сомдон ашык суммада насыя беришти.


Улуттук банкттан билдиришкендей, 2022-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган токтомду ишке ашыруу максатында, ФКУ Баткен облусундагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн:


- 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 30-апрелине чейинки аралыкта ФКУ тарабынан 4 млрд 606,2 млн сомго 40 373 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген;


- "Кепилдик фонд" ААК 330,8 млн сом суммасына 326 кредит боюнча 156,4 млн сом суммасына 321 кепилдик берген.


ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды кароону улантып жатышат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн