Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткен облусунун жетекчилиги Зардалы айылына барды

05.09.2022 09:35
480
Баткен облусунун жетекчилиги Зардалы айылына барды

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, Баткен облусунун прокурору, УКМКнын облустук төрагасы жана мекеме жетекчилери Зардалы айылына барды. Бул тууралуу Алимбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.



Анын айтымында, облус жетекчилиги Зардалы айылындагы көйгөйлөрдү жеринен чечүү жана элдин маселесин жеринен угуу үчүн барган.


Зардалы эли менен болгон жыйын түнкү саат 22:00гө чейин уланып, элдин чечилбеген көйгөйлөрү айтылган.

Жергиликтүү эл Зардалы айылына электр энергиясын жеткирүү транспорт маселесине байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүнү суранган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн