Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Баткен шаарын таза суу менен камсыздоо 98 пайызга жогорулайт

10.03.2020 15:05
939
Баткен шаарын таза суу менен камсыздоо 98 пайызга жогорулайт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында «Баткен шаарын таза суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорун иш жүзүнө ашыруунун жүрүшү менен таанышты.


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын көмөгү менен аткарылып жаткандыгы белгиленди.


Өкмөткө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев бардык зарыл болгон курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын август айында бүтөрүн маалымдады.


Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында «Таза суу» муниципалдык ишканасынын жаңы имараты курулуп, керектүү техникалар менен жабдуулар алынган, жаңы канализациялык тутумдардын курулушу аяктоо алдында турат.


Бүгүнкү күндө Баткен шаары таза суу менен 60%га камсыздалды. Долбоордун жыйынтыгында шаардын таза суу менен камсыздалышы 98%га жогорулайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн