Баткен шаарындагы "Жаштык" эс алуу багында 3 миллион сомго курулуп жаткан даараткана боюнча Баткен шаарынын мэриясы түшүндүрмө берди.
Мекеме билдиргендей, аталган эс алуу бакта эки кабаттуу санитардык тейлөө комплекси курулуп жатат.
Бул имаратта чач тарач, кир жуучу жай, химиялык тазалоочу жана жуунуучу жайлар болот. Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да атайын жай каралган. Ал эми имараттын 1-кабатына даараткана жайгаштырылат. Долбоордун жалпы суммасы 3 миллион сомду түзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн