Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Баткен шаарындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

19.01.2022 15:14
1384
Баткен шаарындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Баткен шаарынын мэринин тапшырмасы менен мыйзамсыз курулуштар алынууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.


Орозбеков көчөсүндө кызыл линиядан чыгарылган тосмолор алынды. Буга чейин архитектура тарабынан кызыл сызыктан чыгып кеткен жашоочулардын короолору өлчөнүп аныкталган.


Мыйзамсыз курулуштардан бошотулган жөө адамдар басуучу жолдор кеңейтилип, жашылдандыруу иштери аткарылат. Жолдун эки тарабындагы ирригациялык лотоктор жаңыланып, көчөнүн түнкү жарыктандыруу системи жакшыртылат.  


Шаарды тартипке келтирүү аракети мындан ары да уланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн